|
Административдик кармоо
|
|
АДМИНИСТРАТИВДИК КАРМОО – административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуучу чаралардын бири. А. к. – жеке адамдардын эркиндигин кыска мөөнөткө чектөө, административдик укук бузуу тууралуу иш боюнча токтомду аткарууга, ишти туура жана өз маалында кароо үчүн зарыл болгон бөтөнчө учурларда гана колдонулат. А. к-нун мөөнөтү 3 сааттан ашпоого тийиш. Адаттан сырткары учурларда туруктуу жашаган жери жок адамдарга карата өзгөчө зарылчылыктан улам сот чечими боюнча кабылдоо-таркатуу жайларында – 15 күнгө чейин, андай жайлар жок учурларда, убактылуу кармоо капасында – 10 күнгө чейин А. к-нун бөлөк мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
|